22-декабрь Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Жалалабатэлектро»

ачык акционердик коомунунда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, калкты үзгүлтүксүз

электр жарыгы менен камсыз кылууга кошкон чоң салымдары эске алынып, КРнын Өнөр

жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ардак громата

жана «Каарман» төш белгилери менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты.

«Каарман» төш белгиси менен

1. Мыктыбек Джумабаев –«ЖАЭ» ААКнын башкы директорунун коммерциялык

маселелер боюнча орун басары

2. Талант Камчиев - «ЖАЭ» ААКнын жогорку чыңалуудагы жабдууларды

тейлөө кызматынын башчысынын орун басары

3. Байкадыр Саидов - «ЖАЭ» ААКнын ишенимдүүлүк жана

коопсуздук техникасы кызматынын башчысы

4. Муктаржан МамадалиевАла-Бука район электр тармактар ишканасынын мастери

Ал эми «Ардак» громата менен

1. Уланбек Турдумбетов - «Жалалабатэлектро» ААКнын

пайдалануу, оңдоо жана тейлөө боюнча башкармалыктын башчысы

2. Арстанбек МадимаровБазар-Коргон район электр тармактар ишканасынын мастери

3. Нарынбай КайназаровЧаткал район электр тармактар ишканасынын инженери

4. Мырзарайым Уманалаиев - Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасынын

электромонтеру

Сыйлык тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө Ош шаарында өттү. КРнын Өнөр жай,

энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы

Жыргалбек Сагынбаев өзү тапшырып, энергетиктердин эмгеги баалоого татыктуу

экенин белгилеп, узун-өмүр, бекем ден-соолук каалады.

Урматтуу кесиптештер! Сиздердин жасап жаткан жумушуңуздар жогорку сыйлыктарга

татыктуу, ал эми элдин алкоосу, элдин баалоосу да баарынан бийик.

Сыйлык кут болсун!