Бүгүн, 22 –декабрь Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы.  Бул майрам

энергетиктердин жумушу абдан көбөйгөн учурга, жылдын эң кыска күнүнө жана эң узун түнүнө дал келет.

Бүгүнкү майрамдын урматына “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун актовый

залында салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйынга «Улуттук энергетикалык холдинг

компаниясы» башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Акунов Чоробай Такеевич жана

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн

1-орун басары Акматов Мамасалы Такабаевич, “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору

Дурусбек Рахманов   о.э компаниянын кызматкерлери, ардагер энергетиктер катышты.

Куттуктоо сөз алган КРнын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары

Мамасалы Акматов,  “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылы чоң

жетишкендиктерге жеттиңиздер. Катардагы эле пландалган жумуштарды аткарбастан, изденүү

менен иштеп жатасыздар. Жер-жерлерде аймактык бөлүмдөрдүн имараттарын жаңылап,

кызматкерлердин иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, абоненттер үчүн жакшы шарттарды жаратып

жатканыңыздарга биз күбө болуудабыз. Жылдар бою электр жарыгы жок Жазы-Кечүү айылына электр

энергиясын жеткиргениңиздердин өзү эле сиздердин эмгегиңиздердин чоң экенин айгинелеп турат”,-деди М. Акматов.

Ал эми «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси

Чоробай Акунов, энергетиктердин эмгегинин аркасында жалпы элдин үйү жарык жана жылуу

экенин айтып, компаниянын узап бара жаткан жылдагы жетишкендиктерин баалоого татыктуу

экенин баса белгиледи. Мындай иштер дагы уланаарына ишеним артты. Ар бир кесип ээсине

бекем ден-соолук, иштерине ийгилик каалады. Компаниянын директору Дурусбек Рахманов

жыл ичинде аткарылган жумуштарга токтолуп, ийгиликтердин артында ар бир кызматкердин

эмгеги турганын белгилеп, жалпы кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген, татыктуу талбай иштеген мыкты кызматкерлер

Улуттук энергохолдинг компаниясынын, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы

өкүлчүлүгүнүн, “Жалалабатэлектро” ААКнын сыйлыктары менен сыйланышты.