2020-жыл баардыгыбыз үчүн оңой болгон жок. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал ар

бир тармакка өз кедергисин тийгизди. Мындай абалды элибиз сабырдуулук, биримдик менен

жеңип келүүдө. Кайратман кыргыз эли ушул эле шартта, бир топ ийгиликтерге жетишип,

2020-жылды узатып Жаңы жылды тосуу алдында турат.

Биздин кызматкерлер дагы облус элин үзгүлтүксүз,  сапаттуу электр энергиясы менен

камсыз кылууга болгон күч-аракетин жумшады. Жыл башында койгон иш мерчемдерибизди

аткарып, жылды жемиштүү жыйынтыктоо алдында турабыз.

Абоненттердин өз убагында электр энергиясына төлөм жүргүзгөндүгүнүн 

натыйжасында, биздин компания областтагы эскирген электр мамычаларды жаңылап,

трансформаторлорду алмаштырып бир топ электр жабдууларыбызды жаңылаганга жетиштик.

Урматтуу абоненттер, бир жыл бою биздин аткарган жумуштарды баалап, социалдык

түйүндөр аркылуу колдоп турганыңыздар үчүн жеке өзүмдүн жана жалпы жамааттын

атынан ыраазычылык билдиремин. Колдоо ар дайым күч кубат берерин айткым келет.

Босогодо баш багып турган Жаңы жыл мамлекет үчүн, өлкө үчүн, элибиз үчүн ак жолтой

жылдардан болсун. Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун-өмүр каалаймын.

Урматтуу мекендештер Жаңы жыл  жаңы ийгиликтерге себеп болуп, ар бир үй-бүлөгө

ынтымак, кубаныч, береке, бакубат жашоо  алып келген жыл болсун.

Ар бир үй жарык жана жылуу болсун!

Жаңы жылыңыздар менен!

Сиздерди терең урматтап “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору

Дурусбек Рахманов