“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун кызматкерлери 10-январь шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул үчүн аталган коомдун 868 кызматкери тартылды.  “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому областтагы 434 шайлоо тилкелерин тейлейт. Ар бир шайлоо тилкесине бирден электр монтеру жана көзөмөлдөөчү кассирлер бөлүнгөн, шайлоо тилкеси өз ишин аяктаганча нөөмөттө турат.  Үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Мындан сырткары атайын 24 мобилдик тайпа иш алып барат.