Комплекстүү пландын негизинде «Жалалабатэлектро» ААК жыл сайын январдан март айына

чейин өндүрүштүк кызматта иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын окууларды өткөрөт.

Окуулар кызматкерлердин өздөрүн өнүктүрүүсүнө, кесиптик жактан билимдерин дагы да болсо

жогорулатууга багытталат. Ошондой эле  жумуш учурунда кемчиликтерди кетиргенге жол бербөө,

  электр жабдууларды туура колдонуу тууралуу окутулат жана  техникалык коопсуздук маселелери да талкууланат.

Бүгүн, жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматы, автоматика жана релелик

коргоо өндүрүштүк кызматы, обочолонуу, ашыкча чыңалуудан коргоо жана сыноо өндүрүштүк

кызматынын адистери окуп жатышат. Билим берүү компаниянын бөлүм, кызмат башчыларына жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, мындан сырткары компаниянын окуу борборунда атайын графиктин негизинде окуулар ай сайын өтүп турат.