«Жалалабатэлектро» маалымдайт!

Урматтуу абоненттер,  электр энергиясын колдонуу дагы деле берилген лимиттен ашууда.

1-январдан 31-январга чейин Жалал-Абад областына 240 млн 272  816 кВт.саат лимит берилген

болсо, керектөө 249 млн 668 729 кВт.саат колдонулуп, 9 млн 395 913  кВт.саат ашыкча пайдалануудабыз

Кубаттуулукту керектөөнүн лимиттери сакталбаса, өлкө боюнча электр кубаты бир учурда

чогуу иштеп, трансформаторлорго, электр аба чубалгыларына же жалпы эле электр жабдууларына

ашыкча күч келип, иштен чыгуу коркунучу пайда болот. Техникалык шарттардын негизинде ар

бир керектөөчү менен келишим түзүлүп, колдонуу тартиби көрсөтүлгөн.  Келишимде, кечки

18:00дөн 21:00 гө,  эрте менен 08:00дөн 09:00 гө чейин, электр жабдууларга жана тарамдарга

кошумча күч келүүчү сааттарда, электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга чектөө киргизүү

жагы ар бир керектөөчүгө милдеттендирилген.“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому

келишимдеги шарттардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында тынымсыз рейддерди жүргүзүүнү улантат.

 “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жалпы абоненттерди үзгүлтүксүз, сапаттуу электр

энергиясы менен камсыз кылуу үчүн,  абоненттерден техникалык шарттарда жана келишимде

көрсөтүлгөн пайдалануу тартибин сактоого ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.