Өткөн жылдын жетишкендиктери менен кемчиликтерине саресеп салуу үчүн ар бир район электр тармактар жана

электр  энергия сатуу ишканаларынын жетекчилери менен компаниянын башкы директору баштаган ген дирекция

жана бөлүм  башчылардын катышуусунда онлайн жыйын болду. Жыйында 2020-жылга коюлган иш-мерчемдердин

аткарылуусу, жетишкендиктер ошол эле учурда  кетирилген кемчиликтер талкууланып, ар биринин маалыматы угулду.

Жылдын жыйынтыгы менен Сузак район электр тармактар ишканасы оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзүүдө бардык

пландарын 100 пайызга аткарышкан, ал эми Чаткал район электр тармактары акча чогултуу, дебитордук карыздарды

кыскартууда алдыңкы орунга чыгышты. Жалпысынан алганда «Жалалабатэлектро» жылды жемиштүү

жыйынтыктады.   Андан соң, үстүбүздөгү жылы аткарыла турган  жумуштар айтылып, күз-кыш мезгилдеринде

элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, техникалык жоготууларды кыскартуу, дебитордук

карыздарды азайтуу тапшырмалары берилди