Жалал-Абад шаарындагы негизги өндүрүш ишканаларын, электр энергиясы менен камсыз кылган 35/6 кВ «Промышленная»

көмөк чордонундагы вакуумдук жана май өчүргүчтөр ордунан жылдырылып, чаңын сүртүп, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан соң, эски механикалык реленин ордуна жаңы заманбап БЗП-1 үлгүсүндөгү релелер коюлууда. Анын

кызматы көмөк чордондо болуп жаткан авариялык өчүүлөрдү автоматтык түрдө каттайт, ичинде коргонуу функциялары да бар.

Жалпысынан аталган көмөк чордондо 9 фидер бар.

Жакынкы күндөрү жаңы, кошумча экинчи (Т-2) трансформатор коюлат.