Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, келерки күз-кыш айларына карата

даярдыктарды көрүү үчүн, ондоп-түзөө, кайрадан калыбына келтирүү, куруу жумуштарын баштады.

Бүгүн Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Майлуу-Сай ½  көчөсүндө,  эскирген электр

мамычаларды жаңы бетон мамычаларга алмаштыруу жумуштары жүрүп жатат.

          10 кВ «Дейрес» аба чубалгысынын жалпы узундугу 26 970 чакырымды түзөт, анда 454 даана электр

мамычалар бар. Иш-мерчемде 149у алмаштыруу каралган, учурда 46 даана жаңы бетон электр мамычалар коюлууда.

Аталган электр аба чубалгысы 39 жыл мурун курулган/  Белгилей кетүүчү жагдай, Аксы районуна караштуу

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн абоненттерин Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасы электр энергиясы

менен камсыз кылат жана тейлөө жумуштарын алып барат.  Карамагында 16715 абонент бар болсо,

анын 2923ү Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жашайт.