Аксы районуна карашуу Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылында эскирген аба чубалгылардын ордуна,

А 70 кубаттуулуктагы аба чубалгылар тартылууда. Аксы район электр тармактар ишканасы

тарабынан, Күлүк-Дөбө айылынын Дөөлаталиев көчөсүнө 10 кВ кубаттуулуктагы, 22 даана электр

мамыча орнотулуп, 1,5 чакырым аба чубалгы тартылууда. 55 жыл мурун курулган, эскилиги эбак жеткен

жыгач мамычалардын ордуна жаңы бетон мамычалар курулуп, бүгүн аба чубалгылар тартылып жатат.

Жалпысынан 10 кызматкер иштеп жатат. 2021-2022-жылдын күз-кыш айларына карата көрүлүп

жаткан даярдыктардын алкагында ишке ашырылууда. Жыл башынан бери, Кербен шаарынын

аймагында 34 даана мамычалар алмаштырылган. Жалпы 55 электр мамыча жаңыланды 

Кербен шаарынын карамагында 6800 абонент бар.