Ала-Бука районунда күз-кыш айларына карата камылгалар кызуу жүрүп жатат

Калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, жыл бою оңдоп-түзөө

жумуштары менен кошо эскирген электр жабдууларын кайрадан калыбына келтирүү

сыяктуу мерчемделген иштер аткарылууда/ Бүгүн, Ала-Бука район электр тармактар ишканасынын

кызматкерлери, аталган райондун Сары-Талаа айылындагы Жээнкулов көчөсүндөгү эскилиги

эбак жеткен, 0,4 кВ жыгач электр мамычаларды бетон мамычаларга алмаштырып, жаңы электр

чубалгыларды тартып жатышат.