Бүгүн, «Жалалабатэлектро» ААКнын жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын

2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыз кылууга

орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору талкууланып,

суроо-жооп менен улантылды КРнын Энергетика жана Өнөр жай министрлигинин электр

энергетикадагы саясат башкармалыгынын башкы адиси Өмүрбек Жеңишбеков, Улуттук

энергохолдинг башкармалыгынын электр энергиясын өндүрүү жана берүүнү башкаруу эксперти

Аскат Абылаев, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин башкы адиси

Эгемберди уулу Бектеналы жана “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору

Дурусбек Рахманов ошондой эле компаниянын кызматкерлери катышты.

Тарифти жогорулатуунун зарылдыгы, Токтогул суу сактагычынын абалы, күтүлүп

жаткан суунун көлөмү тууралуу кеп болуп, коомдук талкууда көтөрүлгөн маселелер

баяндалып, түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлдү. Тоолуу районундагы керектөөчүлөр,

айырмачылыктар, Токтогул районунун абоненттеринин электр энергиясына болгон төлөмдөрүн

эсептөөлөрү тууралуу маалымат берилди.

Адистердин кызыктырган суроолоруна тиешелүү жооптор берилди.