«Жалалабатэлектро» эрте жаздан баштап, 2021-2022-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктарды

баштаган. Бир жылга мерчемделген жумуштар кызуу ар бир район электр тармактар ишканаларында жүрүүдө.

Калкты үзгүлтүсүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин негизги милдети

5 ай аралыгында компания, алдына койгон пландарын 100 пайыздан ашык аткарууга алды.

-  26 даана 35 кВ көмөк чордондор капиталдык ондоодон өттү

- 69, 9 км 35 кВ аба чубалгылар кайрадан калыбына келтирилди

- 917 даана 6-10/04 кВ КТП оңдолду

- 1668, 4 км 6-10/04 аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

- 7 даана кошумча трансформатор орнотулуса, 16 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды

- 1097 даана эскирген жыгач электр мамычалар жаңы бетон мамычаларга алмаштырылды

- 1,25 чакырым СИП электр зымы тартылды

- 6 чакырым жаңы электр аба чубалгысы курулду

Ондоп-түзөө, кайрадан калыбына келтирүү жана жаңы курулуштар жүрүп жаткан

учурда электр жарыгы убактылуу күндүзү үзгүлтүккө учуроодо, андыктар абалды

туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз