КРнын Энергетика жана Өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жана

Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын Төрагасы Асхат Бердиев Жалал-Абад облусунун

энергетиктеринин көйгөлүү маселелерин укту/ «Жалалабатэлектро» ААКнын жыйындар

залында «Жалалабатэлектро» ААК жана Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр

тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жетекчилер жолугушту. Алгач «ЖАЭ»

ААКнын башкы директор Дурусбек Рахманов, компаниянын 6 ай ичинде аткарган

жумуштары тууралуу баяндама жасады.

- 34 даана көмөк чордон капиталык ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мерчем 100% 

- 8, 6 чакырым аба чубалгы жаңы курулган

- 9 даана трансформатор орнотуу мерчемделген болсо,

13 даана орнотулуп, ашыгы менен ишке ашты

- 17 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды

Ошондой эле күз-кыш айларына карата камылгалар, дебитордук

карыздарды кыскартуу, техникалык жоготууларды азайтуу тууралуу да айтылды.