Кечээ Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында тынымсыз жааган

жамгырдан улам, айыл ичин суу каптаган. Анын кесепетинен эки

трансформатордун ичине суу кирип, 2 даана электр мамыча кыйроо абалына кептелген.

Учурда жыгач электр мамычанын ордуна бетон мамыча орнотулуп жатат.

Ал эми үйлөрдүн ичине чейин суу киргендиктен, адистер аталган үйлөрдү

кылдат карап, андан соң электр жарыгын беришет.

Эки трансформатордон электр жарыгын алган гана абоненттерде электр

энергиясы жок, калган абоненттерге кечээ түнүн жарык берилген.

Азыр 3 бригада текшерүү жумуштарын алып барышууда.