Күз-кыш айларына карата камылгаларды тиешелүү деңгээлде аткарууну улантуу

Электр энергиясына берилген лимиттерди сактоо. Дебитордук карыздын көлөмүн кыскартуу 

Өткөрүлгөн жыйында ушул темаларга басым жасалды. «Жалалабатэлектро» ААКнын башкы

директору Дурусбек Рахманов , бардык район электр тармактар ишканасынын жана электр

энергиясын сатуу мекемесинин жетекчилери, башкы инженерлер, бөлүм башчыларды топтоп,

8 айдын жыйынтыгын  чыгарган жыйын курду. Учурда жер-жерлерде кышка карата даярдыктар

кызуу жүрүүдө. Аларды аткарууга көңүл бура турган жагдайлар көп, кайрадан калыбына келтирүү,

эскирген электр мамычаларды алмаштыруу, көмөк чордондорду тиешелүү даярдыкта оңдоп-түзөө,

авариялык өчүүлөрдүн санын кыскартуу сыяктуу иштердин баяндамасын алып, ар бир райондо

аткарылган жумуштарга өзүнчө токтолду.  

К