Базар-Коргон районунун Жаңы-Турмуш айылындагы, 35/10 кВ «Дзержинский»

көмөк чордону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 10 кВ 4 даана заманбап

вакуумдук өчүрүп-жандыруучу тетиктер жана релелер коюлууда.

Эски май өчүргүчтөрдө 12 жолку авариялык өчүп-жануу катталса, кайра ондоону талап кылат,

ал эми жаңы вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппарат 45 000 жолку авариялык өчүп-жанууга туруштук берет.

Ушул эле көмөк чордондо жайгашкан 4 фидерге жана бир башкаруучу өчүпүп жандыргычка

5 даана БЗП-1 үлгүсүндөгү реле орнотулууда. Анын кызматы көмөк чордондо болуп жаткан

авариялык өчүүлөрдү автоматтык түрдө каттайт, ичинде коргонуу функциялары бар.

10 кВ вакуумдук тетиктер 35/10 кВ «Промышленная», «Дзержинский», «Чолпон-Ата»

жана 35/6 кВ «Камалдин» көмөк чордондорунда алмаштырылууда.