Базар-Коргон айылынын 4 айыл өкмөтүнө электр энергиясын жеткирген “Базар-Коргон-Арсланбап” 

аба чубалгысы 1967-жылы курулган. Жарым кылымдан бери жаңылана элек болчу. Жалпы узундугу

42 чакырымды түзөт. Учурда,  9 чакырымы алмаштырылып жатат. Электр зымы 3 катарынан

жайгашкандыктан, жалпы 27 чакырым зым болот.  АС 70 сыйымдуулуктагы электр зымдары

АС 95 сыйымдуулукка жогорулатылууда. Бир аптадан бери 3 бригада иштеп, бүгүнкү күнгө жумуштун

70 пайызын аяктап  калышты.  Электр аба чубалгыларынын алмаштырылуусунун натыйжасында, 

элди электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү артып, техникалык жоготуунун көлөмү кыскарат.