Жалал-Абад шаардык электр энергия сатуу ишканасы, Жалал-Абад РЭТИи менен бирге

Жалал-Абад шаардык мэриясы түнкү жарыктандырууларды, кафе-ресторандардагы, магазиндердеги

ашыкча күйүп турган лампаларды өчүрүү үчүн түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүштү. 
Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгы, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү

жана электр энергияга болгон муктаждык жыл сайын өсүп жаткандыктан электр энергиясын

сарамжалдуу пайдалануу учур талабы болууда.  Өкмөттүн 137-токтомунун негизинде, архитектуралык,

жарнактык негизде жанып турган ашыкча лампаларды өчүрүү, күндүзү өчпөй калган жарыктандырууларды

текшерип туруу үчүн шаардагы бир нече кафе-барларга рейд жүргүзүлдү. Коопсуздук үчүн орнотулган

жарыктандыруулар өчүрүлбөйт. Белгилей кетүүчү жагдай, биринчи категориядагы объектилердин электр

энергиясы үзгүлтүксүз берилет жана аларды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган.