Техникалык шарттардын негизинде ар бир керектөөчү менен келишим түзүлүп, колдонуу тартиби көрсөтүлгөн.

  Келишимде, кечки 18:00дөн 21:00 гө,  эрте менен 08:00дөн 09:00 гө чейин, электр жабдууларга жана тарамдарга

кошумча күч келүүчү сааттарда, электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга чектөө киргизүү жагы ар бир керектөөчүгө милдеттендирилген.

Келишимдеги шарттардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында тынымсыз рейддерди жүргүзүүнү улантууда.

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жалпы абоненттерди үзгүлтүксүз, сапаттуу

электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн,  абоненттерден техникалык шарттарда жана келишимде көрсөтүлгөн

пайдалануу тартибин сактоого ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз.