Алдыда кыш, ошол эле учурда энергетика тармагында абал жылдагыга салыштырмалуу оор экенин айтан

Т. Байгазиев, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну, кыштан ийгиликтүү чыгууга болгон

күч-аракетти жумшоого чакырды. Калкты кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн,

бардык тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Электр жабдуулардын тетиктери, кызматтык унаалардын даярдыктары

ошондой эле кызматкерлер дагы ыкчам аракетте болушу кажет. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз,

ошого карабастан керектөөчүлөргө жарык үзгүлтүксүз берилиши зарыл,- деди Т. Байгазиев.

Ал үчүн, керексиз учурда, күндүзү жанып турган лампалар өчүрүлүп, турак-жайды жылытуунун альтернативалык

жолуна өтүү үчүн түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүүнү улантууну белгиледи.