Ноокен район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, кафе-ресторан, мончо жана үч фазалуу

абоненттерге болгон рейддерди жүргүзүүдө. Аталган райондун тургундары, учурдагы абал бир эле

Ноокен районуна тиешелүү эмес экенин, бул кырдаалдан чыгуу үчүн жалпыбыз жардам беришибиз керек деген пикирди карманышууда.

Электр энергиясын колдонууга берилген чектен ашып кеткен абоненттердин суу жылытуучу от казандарына пломба коюлууда.

Урматтуу абоненттер, электр энергиясын үнөмдөөдө сиздердин салымыңыздар, жардамыңыздар чоң.

Туура түшүнүү менен кабыл алып жаткандарыңыздарга ыраачылык билдиребиз.