«Жалалабатэлектро» ААК 28-ноябрь күнү, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр

энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.  Компания областтагы 435

шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электромонтёр, көзөмөлдөөчү кассир  бөлүнүп,

шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат. Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондо

энергетиктер күзөттө болушат, ошондой эле район-шаарларда кошумча 60 мобилдүү тайпалар түзүлүп, ыкчам аракеттер жеринде көрүлөт.

Жалпысынан шайлоо күнү «Жалалабатэлектро» боюнча 757  кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрь күнү, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт.