Толук айылы Токтогул районунан 100 чакырым алыс жайгашкан айыл. Аталган жерде 6 кызматкер эмгектенет,

алар Сары-Камыш, Толук, Алмалуу айылдарынын элин электр энергиясы менен камсыздашат. Жол каттамы катаал

шарты татаал бул аймакты электр жарыгы менен камсыздоо салыштырмалуу оор. Анткени, Сары-Камыш айылында

жарык өчсө ал жакка кышындасы ат менен же болбосо жөө барганга мажбур болушат. Дал ушул айылдын энергетиктери,

буга чейин бир үйдүн бир бөлмөсүн ижарага алып , ошол жерди иш бөлмө кылып иштеп келишкен. Жетекчилик муну

эске алып, 22-декабрь энергетиктердин майрамына жаңы имарат ачып ишке берди.

Ачылуу аземине «Жалалабатэлектро» ААКнын башкы директору Азамат Паизов, Токтогул район электр тармактар

ишканасынын жетекчиси Нурис Абалканов, айыл өкмөт жана жергиликтүү тургундар катышты.

Айыл аксакалдарынын айтымдарында, тоолуу Толук жергесине көңүл буруу жакшы жышаан.

Энергетиктердин эмгеги опол тоодой, ошондуктан мындай шарттын түзүлүшү маанилүү.

Имарат толугу менен бүткөрүлүп, ичине керектүү жабдыктар жеткирилди.

Жалпы 3 айылда 750 абонент бар