Бүгүн, 11-апрель күнү Баткен облусунун Баткен шаарында “Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу” темасында семинар башталды.

Ачылуу сөзүнө, Улуттук Энерге холдинг Башкармалыгынын Төрагасы Талайбек Байгазиев жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Учурда, “Түндүкэлектро” ААК нын командасы, 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгысына СИП маркадагы зымдарын монтаждоо ыкмаларын көрсөтүп жатышат.

Күндүн экинчи жарымында, “Жалалабатэлектро” ААКнын кызматкерлери “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу фактысын аныктоо жөнүндөгү” көрсөтмө иш чарасын көрсөтүшөт.

Ал эми, “Чыгышэлектр” ААКнын кызматкерлери, 10кВ аба чубалгысындпагы мамычадан электр тогунунун таасиринен жабырлануучуну бошотуу жана медициналык жардамга чейинки алгачкы жардамды көрсөтүшөт.

Семинар эки күнгө созулат.