11-апрель күнү Баткен облусунун Баткен шаарында “Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу” темасында семинар башталган. Эки күн ичинде кызматкерлер өздөрүнө берилген тапшырмаларды аткарып, бүгүн жыйынтыкталды. Сыйлоо аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын Энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук Энергехолдинг Башкармалыгынын Төрагасы Талайбек Байгазиев жана энергетиктер катышты.

Сынак боюнча, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик компаниялардын арасынан 2-орунга ээ болду.

Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын инспектору Эрнис Орозбаев, “Мыкты инспектор 2022” наамына татыса, “Жалалабатэлектро” ААКнын диспетчери, Мурат Шарипов, Жалал-Абад район электр тармактар ишканасынын электр монтеру Баястан Абдибалиев КРнын Энергетика министринин ыраазычылык барагына ээ болушту. Ал эми метрология бөлүмүнүн инженери, Чыңгыз Ормошев Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак громатасын алды.

Семинар, Жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагында бардык жетекчилер, Баткен филиалына көчөт отургузуу менен жыйынтыкталды.