Сузак районуна караштуу, Күмүш-Азиз айылындагы, Фрунзе көчөсүндөгү эскирген жыгач электр мамычалар жаңыланууда. 1965-жылы курулган, 0,4 кВ электр мамычалар жаңы бетон мамычаларга жаңыланып жатат.

2022-2023-жылдын күз-кыш айларына карата көрүлүп жаткан камылгалар. Калкты, үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн болгон аракеттер.

Сузак район электр тармактар ишканасы, жыл башынан бери 0,4кВ 43 даана, 10кВ 25 даана эскирген мамычаларды жаңылады.