Сузак район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Чычкан айылындагы эскилиги жеткен, жыгач мамычаларды CASA-1000 долбоорунун алкагында жаңылап жатат.

Эски, электр мамычалар 54 жыл мурун курулган. Аталган айылга, 0,4 кВ чыңалуудагы электр мамычалардан 60 даана болсо, 10кВ мамычадан 60 даана орнотулат. Учурда жумуштун 70 пайызы аяктап калды.

Эки техника мамычаларды орнотууга кошумча күч катары тартылган, ал эми Сузак РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыларды тартуу менен алек.

CASA-1000 долбоорунун негизинде, Ташакур, Боз-Чычкан, Кыр-Жол, Чөкө-Дөбө айылдарынын жыгач мамычалары алмаштырылууда.

0,4 кВ – 290 даана

10 кВ – 110 даана