👨‍👩‍👧‍👧🏃‍♂️🧏‍♂️Ата-энелерден, үйдө балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнөт✅

Урматтуу ата-энелер, достор! Электр энергиясынын кооптуулугун эске алыңыз, анткени бул өмүр үчүн өтө маанилүү ✅

💡💡💡Электр энергиясы адамдын ишенимдүү жардамчысы, бирок туура эмес же этиятсыздык менен иштетилсе, ал коркунучтуу душманга айланат. Электр тогу көрүнбөйт жана угулбайт, анын даамы жана жыты жок, бирок адамдын өмүрүнө оолуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

💡💡💡Электр энергиясынын жөнөкөй гана, коопсуздук эрежелерин сактоо сиздин, досторуңуздун, ата-энеңиздин , балдарыңыздардын жана айланаңыздагы адамдардын өмүрүн о.э. ден соолугун сактап калууга жардам берет.

⚡️ Электр мамычадан түшкөн аба чубалгы илинип турган же жерде жаткан үзүлгөн зымдарга 8-10 метрден кем эмес аралыкты сактаңыз

⚡️ Электр линиясынын зымдарынын жанында жана астында ойногонго тыюу салынат. (батперектерди, самолеттордун моделдерин учурбаңыз жана зымдарга каалаган нерселерди ыргытпаңыз)

⚡️ Трансформатордук көмөкчордондордун тосмолору аркылуу кирип, эшигин ачууга, көп кабаттуу үйлөрдүн жана коомдук имараттардын дубалдарындагы коммутаторлордун шкафтарына, трансформатордук көмөкчордондордун жабдууларына жана бөлүштүрүүчү шкафтарга тийүүгө мүмкүн эмес.

⚡️ Электр аба чубалгыларынын жанында отуруп, балык уулабаңыздар. Бул абдан маанилүү маселе.

⚡️ Жашынмак ойноо үчүн, трансформатордук көмөкчордондордун жана бөлүштүрүүчү шкафтардын жайларын пайдаланууга таптакыр тыюу салынат – сиз өзүңүздү ден-соолугуңузга зыян алып келүүгө кабылткан болосуз.

⚡️ Трансформатордук подстанциялардын чатырына чыгууга тыюу салынат.

⚡️ Электр линиясынын мамыларына чыгуу же аларга тийүү, мамылардагы изоляторлорду сындырууга болбойт

⚡️ Зымдардын астында өскөн дарактарга чыгуу, мындай дарактарга тийүү - өзгөчө жаан-чачындуу аба ырайында коркунучтуу

⚡️ Электр чубалгыларынын зымдарынын астына жана трансформатордук көмөкчордондордун жанына от жагуу опурталдуу