Жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматы. Жалал-Абад шаарындагы 35/6 кВ «Астана» көмөк чордонуна заманбап 35 кВ кубаттуулуктагы вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппарат орнотушту. Бул кезге чейин, аталган көмөк чордонго 10 кВ вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппараттар дагы коюлган.

Эски май өчүргүчтөрдө 12 жолу авариялык өчүп жануу катталса, ал эми жаңы вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппарат 45 миң жолку авариялык өчүп-жанууга туруштук берет.

Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылга 35 кВ 1даана, 10 кВ 40жакын вакуумдук аппараттар коюлат.

Жүрүп жаткан жумуштар, күз-кыш айларына карата камылгалардын негизинде ишке ашууда.