✅Энергетиктер эшиктеги күндүн ысыгына карабастан кадимки каска, атайын кызматтык кийимдер менен адаттагыдай жумуштарын улантышууда.

✅Кыштын ызгаар суугу, жайдын аптабы канчалык кыйынчылык жаратса дагы, эл үчүн, калкка үзгүлтүксүз сапаттуу электр жарыгын берүү үчүн жасаган жумуштарына сыймыктанышат. Тандаган кесиби дегендер чыгышы мүмкүн, бирок чыдоо, ошол кесипти ардактоо өзүнчө сөз...

✅Келерки күз-кыш айларына карата камылгаларды көрүү үчүн, Сузак район электр тармактар ишканасы Сузак айылындагы, Салаев, Новои көчөлөрүндөгү эскирген, жыгач мамычаларды жаңылап, ордуна 10кВ жаңы бетон мамычаларды орнотуп жатышат.