CASA-1000 долбоорунун алкагында, Көк-Арт район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери Багыш айылындагы эскирген

138 даана жыгач мамычаларды жаңы бетон мамычаларга алмаштырып бүтүштү. Учурда аба чубалгыларды кайрадан калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүп жатышат.

Көк-Арт аймагынан аталган долбоорго Багыш, Ленин, Тайгараев айыл өкмөттөрүн анын ичинен Багыш, Беш-Бала, Кедей-Арык, Орто-Сай, Ленин, Төш-Кутчу, Жээнбеков, Качкынчы айылдары кирген.

138 даана электр мамыча жаңыланды. 6 чакырым аба чубалгы кайрадан келбеттелет. 160кВА жаңы трансформатор орнотулат