САSА-1000 долбоорунун алкагында, Сузак район электр тармактар ишканасынын карамагындагы Сузак, Барпы,

Ырыс айыл өкмөттөрүндөгү айылдардын жыгач мамычалары жаңыланып, электр аба чубалгылар тартылууда.

Аталган долбоордун негизинде, жалпысынан 400даана электр маыча орнотулат, анын 110 даанасы 10 кВ болсо,

калганы 0,4 кВ чыңалуудагы электр мамычалар.  Учурда, Барпы айыл өкмөтүнүн Чөкө-Дөбө айылында иш жүрүп жатат.

Жайдын аптабында, электр мамычаларды алмаштыруу энергетиктер үчүн кадимки эле көрүнүш. Жумушту талаптагыдай

ишке ашыруу үчүн 2 техника жана 7 кызматкер тартылган. Бүгүнкү күндө, Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында

кышка камылга кызуу жүрүүдө. Энергетиктер, оңдоп-түзөө жумуштарына байланышуу, күндүзү электр жарыгы үзгүлтүккө учурап

жатканын туура түшүнүү менен кабыл алуунуңуздарды өтүнөбүз