Урматтуу абоненттер, электр энергиясын колдонуу берилген лимиттен ашууда. 1-июлдан 31-июлга чейин Жалал-Абад областына

113 млн 206 900 кВт.саат лимит берилген болсо, керектөө 118 млн 881 800 кВт.саат колдонулуп, 5 млн 674 900 кВт.саат ашыкча пайдалануудабыз.

Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын кызматкерлери, базарларга, унаа жуучу жайларга рейд өткөрдү.

Күндүзү, электр лампалары жанып турган жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жалпы абоненттерди үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз

кылуу үчүн, абоненттерден күндүзү керексиз учурда, турак-жайдын сыртында о.э соода түйүндөрдө, базарларда жанып турган

лампочкаларды өчүрүп турууга, жана электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз. Кайдыгер мамиле жасабооңуздарды өтүнөбүз