Сузак район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери, Жийде айылындагы Тургунов Сагынбай көчөсүндөгү аба чубалгыларына

тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутап жатышат. Аба-ырайы өзгөрүлүп, шамал же тынымсыз жааган жамгыр  дарактардын

сынуусу менен коштолсо, жанындагы электр чубалгыларына түшүп, кыска чыңалууну жаратат. Мындан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

 Алдын алуу максатында, облустун бардык район-шаарларында дарактардын аба чубалгыга жакын бутактары тазаланууда. Эреже... 
1000 В чейинки аба чубалгы, четки өткөргүчтөн 2 метр алыс болууга тийиш. Ал эми, 6-10 кВ аба чубалгысынан 10 метр, 35 кВ аба

чубалгыдан 15 метр алыс жайгашышы керек. Ушундай көрсткүчтөгү коргоо тилкесинде жарандар кандайдыр бир жумуштарды жасай

турган болсо, район электр тармактар ишканаларынан уруксат алышы шарт. Ал эми, 0,4-6-10 кВ аба чубалгысынан 2 метр, 35кВ

аба чубалгыдан 4 метр алыс жайгашат. Бак-дарактардын бутактары белгиленген 2 метр аралыктан өтүп өссө, энергетиктер тарабынан жылына 2 жолу буталат.