Майлуу-Суу район электр тармактар ишканасы кышка камылга көрүүдө

Аталган тармактар ишканасы, жыл башында 90 даана эскирген электр жыгач мамычаларды жаңылоону планга киргизген. Учурда мамычалар орнотулуп бүттү, эми аба чубалгыларды тартуу иштери жүрөт.

Сары-Бээ участкасындагы Көк-Ой айылындагы эскирген 90 электр мамычанын 63 даанасы 6кВ, калганы 0,4 кВ. Бул айылда коюлган мамычаларга туура 52 жыл болду.

Мындан сырткары, аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан дарактардын бутактары буталууда

Ар бир үй жарык жана жылуу болсун