Сузак район электр тармактар ишканасы, жыл башында 800 даана электр мамычаны алмаштырууну пландаган, учурда 484 даанасы коюлду

Энергетиктер, күз-кыш мезгилдерине камылганы эрте жазда башташат. Жыл башында, Сузак район электр тармактар ишканасы, 800 даана эскирген жыгач мамычаларды алмаштырууну мерчемдеген. Анын 400 даанасы, CASA-1000 долбоорунун алкагында алынган. Анын ичинен 260ы 10кВ, калганы 0,4 кВ.

10кВ «Москва», «Кочкор-Ата», «Арал» фидерлери кайрадан калыбына келтирилди

Бүгүн, Сузак айылындагы жыгач мамычалар, бетон мамычага алмаштырылууда.