1) Терезе жана эшиктерди жылуулагыла. Жылуулуктун 30% айнек жана эшиктерден чыгып кетет,

ал эми жылуулукту биз электр жылыткычтарды күйгүзүү менен калыбына келтиребиз

2) Батареялардагы, лампочкалардагы жана терезелердеги чаңды сүртүп тургулат. Алар

жылуулукту жана жарыкты уурдап алат. Жыйынтыгында, биз электр энергиясына көбүрөөк төлөп калабыз.

3) Салттуу жылыткычтардын ордуна жылытууга багытталган кондиционер колдонгула. Буга өндүрүүчүлөр жол берсе, албетте.

⠀4) Жылыткычтарды максималдуу түрдө үнөмдүүсүн тандагыла, жылыта турган имараттын аянтына дагы көңүл бөлгүлө.

Эң жакшысы конвекторлор, эң жаманы – май менен иштеген жылыткычтар.

5) Электр жабдууларды колдонбосоңор, аларды сууруп тургула. Иштеп жаткан сыналгы жана

башка жабдуулар аздан босло дагы электр энергиясын ала берет. Бирок айдын аягында “аздан” делген көрсөткүч көп эле чыгып калышы мүмкүн.

6) Батареяларды эмерек же башка нерселер менен жаппагыла. Мындайда сиз жылуулуктун 20% жоготосуңар.

7) Кир жуучу машинени өтө ашыкча жүктөбөгүлө (бул учурда электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү 10%га көбөйөт)

орточо температуралык режимди тандагыла. Энерго үнөмдүү лампаларды колдонгула. Алар электр энергиясынын

королушун гана азайтпастан, таштандыны дагы азайтат – лампочкаларды жок кылуу өтө кыйын, ал эми энерго үнөмдүү

лампалар кадимкилерге караганда көбүрөөк кызмат кылат.