Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү онлайн жүргүзүүгө толук өтүү алдында турабыз.

Азырынча эл арасында түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Андыктан, төмөндө көрсөтүлгөн

электрондук капчыктар, терминалдар, атайын тиркемелер аркылуу төлөөнү сунуш кылабыз.

Учурда төмөндөгү тиркемелерди жана терминалдарды пайдалануу жолу менен, үйдө отуруп

төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр кеңири түзүлгөн. «ЭЛСОМ», «MegaPay », «О»,«Balance.kg»,

«RSK 24», «24 Pay», «MBank» тиркемелери, жана «Керемет», «Финка», «Дос-Кредобанк»,

«Росинбанк-Жалалабат», «Халык Банк Кыргызстан» банктарынын терминалдарын ,

электрондук капчыктарын пайдалануу менен жүзөгө ашырсаңыз болот.