10-январында КРнын энергетика министри Таалайбек Ирбаев министрдин орун басары Таалайбек Толубаев,

"КУЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков, Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын жамааты менен жолугушту.

Жыйында аталган компаниянын, 2022-жылдагы жасаган жумуштарынын отчету берилди. 2023-жылга коюлган пландары тууралуу маалымат жасалды

Мындан тышкары министр Таалайбек Ибраев энергетиктер менен болгон суроо-жооптон соң, калкты өзгөчө суук

мезгилде, үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуунун зарылдыгын айтты. Кызматкерлерди

штаттан тышкаркы абал жаралган учурда, ыкчам аракеттерди көрүүгө чакырды.

 «Алдыдагы боло турган суук күндөрү калкты жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу энергетиктердин милдети.

Бул күндөрү баарыбыз биргеликте жоопкерчилик менен мамиле кылып, кыштан чыгаруубуз шарт. Электр энергиясы

үзгүлтүккө учурабашы үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла жана Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын авто паркына өзгөчө көңүл бурабыз » - дейт министр.