Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасындагы, А. Кочкоров көчөсүндө жер үйлөрдүн айрымдарында жана
Роза Азимов көчөсүндөгү №52,53 көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Жалал-Абад район электр тармактары ишканасынын кызматкерлери, түнкү саат 03:00 ден бери, ыкчам аракеттерди көрүп жатат.
Көп кабаттуу үйлөр борборлоштурулган жылуулук түйүнүнө уланган эмес ошол эле учурда катуу суукка байланыштуу газдын басымы
түшүп, бардык күч электр энергиясына келген.Трансформатордун тетиктери менен электр чубалгылардын
зымдары күйүп кеткен. Түнү менен трансформатор калыбына келтирилди. Учуруда электр чубалгыны алмаштыруу жумуштары жүрүп жатат.
Урматтуу абоненттер, өзгөчө кечки убакыттарда, электр энергиясын менен колдонуучу приборлордун баардыгын бирдей иштетпөөгө чакырабыз.