Азыркы учурда, катуу суукка байланыштуу электр энергиясынын керектөөчүлөрү, жылытуу максатында
электр приборлорун, көп санда пайдаланганына байланыштуу, электр энергиясынын берүүсү төмөнкү себептер
менен үзгүлтүккө учурап жатат: Калк колдонулган көмөк чордондордон (6-10/0,4кВ) чыккан кабель жана аба
чубалгылары, кубаттуулукка чыдабай күйүп, жарактан чыгууда. Керектөөчүлөр колдонулган көмөк чордондордо
(6-10/0,4кВ) орнотулган өчүргүчтөр (автоматтар, предохранитель) өз кубаттуулугуна жетип күйүүдө.
Электр жабдууларды сактап калуу максатында жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо (220-110-35/6-10 кВ)
орнотулган өчүргүчтөрү токтун күчүнүн номиналына жетип, автоматика иштеп, өчүрүүлөр катталууда.