Өлкө боюнча аномалдык суук жүрүп, электр энергиясын колдонуу кескин өсүп, керектөө жогорку чекке чыкты.

Ал эми Майлуу-Суу шаарында суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү токтоп, аталган шаардын тургундары турак

жайын жылытуу үчүн, жапырт электр энергиясын колдонууга өттү/ Мындан улам, аталган шаарда, жылуулук

берүү токтогондон баштап электр энергиясын керектөө суткасына 60миң киловать саат көп пайдаланылууда.

Бул калктын гана колдонгон керектөөсү. Ашыкча колдонуу электр жабдууларга күч келтирип, өзгөчө кечки

убакыттарда электр зымдар күйүп жарактан чыгууда.

Ага карабастан, нөөмөттө турган адистер күн-түнгө карабай, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Электр орнотмолор, жалпы эле жабдуулар өлчөмүнөн ашыкча иштей башташса, иштен чыгууга жол ачат.

Жабдууларды сактап калуу калктын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушуна өбөлгө түзөт.

Ошол үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасы, жалпы абоненттерден бир учурда бардык электр приборлорун бирдей иштетпөөнү суранат