Катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр

жабдууларга күч келүүдө. Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян

тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече

күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска

мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар

ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдайт.

Аномалдуу суук аба ырайына байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:

-Компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилигинин, бардык филиалдардын жетекчилеринин,

ошондой эле жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулду.

-Объекттерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулду;

-Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалды;

-Ремонттоо бригадалары керектүү жабдыктар жана автотранспорт менен камсыз кылынды.