Токтогул районунда 18 952 абонент бар. Райондун борборунда калкты тейлөө борбору ачылып,

пайдаланууга берилди. Кызматкерлерге ыңгайлуу шарт жаратылып, тейлөө жагы бир жерде жүргүзүлүүгө өттү.

Абоненттер эми мурдагыдай болуп, ар адисти ар башка кабинеттен издебей, бардык маселени ушул

жерден чече алышат. Оператор, инженер, кассир, юрист, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын

адис жана Токтогул  РЭТинин жетекчисинин орун басары иш алып барат. Электр энергиясына болгон

төлөмдөрдү кабыл алууда, эми кезекке туруу болбойт. Тейлөө жагы алда канча ыкчам жүргүзүлөт 

Бир нече маселе менен келгендер ар адиске барып чуркабай, баарын бир жерден бүтүрүүгө шарттар

түзүлдү. Негизги максатыбыз, кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.

Абоненттерге ыкчам жооп берип,  аларга шарттарды жаратуу.  

Ачылуу аземине энергетиктер жана жергиликтүү бийлик катышты. 

Токтогул район электр тармактар ишканасында 144 кызматкер эмгектенет, 10 айыл өкмөттү

1 шаарды,  тактап айтканда жалпы 18 952  абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.