Аталган аба чубалгы Таш-Көмүр шаарында жайгашкан. Узундугу 12 чакырым 700 метрди түзөт.

Анда жалпысынан 42 электр мамыча бар. Жаздын келиши менен утурумдук жана  капиталдык

ондоп-түзөө жумуштары кошо башталат. Үстүбүздөгү жылда 110 кВ «Кристалл-Таш-Көмүр»

аба чубалгысында 120даана изоляторду алмаштыруу пландалган. Эки күндөн бери, эскилиги

жеткен, оңдоону талап кылган изоляторлорду алмаштыруу жумуштары  жүрүүдө.

3 электр монтер, 1 мастер, 1 айдоочу иш алып барууда.  Бул жумуштар келерки күз-кыш

айларына карата камылгалар. Калкты сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо

үчүн , электр жабдуулар өз учурунда оңдоп-түзөөдөн өтүп турушу шарт.