Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын

баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин

Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган документке ылайык электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда

тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн

тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт. Электр энергиясын лимитсиз жана

кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун

камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы

менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат.