Бак-дарактарды эмне үчүн бутоо зарыл?
Анткени, электр аба чубалгыларга тийип, электр жарыгын авариялык өчүүгө алып келет.
Акыркы кезде электр зымдары өтөт турган жердин түбүнө жер-жемиш, ар кандай
дарактарды өстүрүп алгандар көбөйдү. Аксы район электр тармактары ишканасынын
кызматкерлери, үй ээлеринин уруксаты менен кара өрүктөрүн кыйышты. Бир эле электр
энергиясынын өчүшүнө алып келбестен, алма, өрүк терген учурларда адамдарга электр
чубалгыларынан ток тартуу учурлары болушу мүмкүн экенин эскертебиз.
Аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо жумуштары пландын
негизинде, жаз айларында ишке ашырылат. Абоненттер эске ала турган жагдай.
Жазындасы көчөт отургузуу учурунда жерди тандоодо, үстүнөн электр зымдары
өткөн жокбу жана аралык 2 метрден ашыкбы, мына ушул жагдайга көңүл бурушу керек.