110 кВ «Төрөбаев-Жалал-Абад»  жогорку чыңалуудагы аба чубалгысындагы,

 эскилиги жеткен изоляторлорун алмаштырып ошол эле учурда утурумдук

ондоп-түзөө жумуштарын жүргүзүп жатышат.  Аталган аба чубалгынын ишке

берилгенине 60 жылдын жүзү болду. Узундугу 10 чакырымды түзөт, анда 46 даана

электр мамычалар бар. Жыл сайын изоляторлордун абалына текшерүү жүргүзүшүп,

эскилиги жеткени жаңыланууда. 180 даана изолятор жайгашкан, бүгүнкү күнгө

чейин 100 даанасы алмаштырылып бүттү, калганы дагы жаңыланат.

Учурда эки бригада иштеп жатат. Бул аба чубалгысы Жалал-Абад шаарынын

абоненттеринин 30 пайыздан ашуунун электр энергиясы менен камсыз кылат.

Жасалып жаткан жумуштар 2023-2024-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктардын негизинде ишке ашууда