- Токтогулда 22 чакырымдагы линиянын электр зымы алмаштырылып жатат
04-октябрь, 2018
Сүрөт “Жалалабадэлектро” ишканасыныкы.
- Токтогул районундагы 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” линиясындагы электр зымы алмаштырылып жатат.
“Жалалабатэлектро” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ас 50 зымы АС 90 кубаттуулугундагы жаңысына ооштурулат.
Аталган линия 1969-жылы курулуп, күз-кыш айларында авариялык абалга себеп болуп келген. Учурда иштин дээрлик 70% аяктап калды.
Жумуш аяктаса, Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарындагы 4474 үй-бүлө үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот.
Электр зымдарын оңдоого Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука райондук электр тармактарынын жана “Жалалабадэлектро” ишканасынын адистери тартылган. (RsK)
Жалал-Абадда электр чубалгылары алмаштырылууда
Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 132 | 0
- Жалалабатэлектр” ачык акционердик коому “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын алмаштырып жатат. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
22 чакырымды түзгөн “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү аба чубалгыга алмаштырылууда. Себеби ал 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абалды жаратып келген.
Аба чубалгы Жалал-Абаддын Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, аталган айылдарда 4 миңдей абонент бар.